он руль12

Оң рулдуу автоунааларды өлкөгө ташып кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун парламент жактырды.` Канча жылдан бери Чубактын кунундай болуп чубалып келе жаткан чуу куйруктуу бул маселенин оңунан чечилээрине аз калды окшойт. Өлкөдөгү жолдо жүрүү эрежесинин нагыз баш оорусуна айланып бараткан оң рулдуу автомобилдердин айынан көп болуп жаткан жол кырсыктарын азайтуу күн тартибинде турган орчундуу маселелердин биринен болуп баратканына көз жумду мамиле жасоого болбой калган. Анткени, биздин жолдо жүрүү эрежелерибиз оң рулдуулар үчүн кайнаса каны кошулбай тургандыгын, бул мыйзамдарыбызды көз көрүнөө бузуу экендигин баарыбыз жакшы билебиз. Бирок, мамлекеттик деңгээлде жалпы мамлекеттин кызыкчылыгында сөз болуп жаткан маселени биротоло экинчи кайрылгыс кылып чечүү жаатында алсыздык кылып келгенибизди кантип айтпай коё алабыз. Себеби, дагы 10-15 жылдан кийин өлкөнүн жолдо жүрүү эрежелерине аргасыздан оңдоо киргизип, жолдо жүрүү схемаларын өзгөртүп, Кыргызстанда сол рулда жүрүүдөн оң рулда жүрүү эрежесине өтүүгө жана ошого жараша жолдогу кыймылды түп-тамырынан бери кайра жаңылоого туура келээри күтүлө турган иш болуп бараткан. Кызыгы, бизде солдо жүрүү эрежеси кабыл алынганына карабастан, оңдо жүрүүчү автомобилдерге уруксат берип койгону акылга сыйбай турган иш болуп жатпайбы. Коңшуларыбыздан болгон Казакстанда, Өзбекстанда оң рулдуу машиналарды ташып келүүгө небак эле тыюу салып коюшкан. Ал эми 1 миллиарддан ашык калкы бар Кытайдын айыл, шаарларынын көчөлөрүнөн оң рулдуу бир дагы машинаны көрө албайсын. Натыйжада, бизде оң рулдуу машиналар кабылган аянычтуу жол кырсыктары жылдан-жылга көбөйүп келатат. Жоопкерчилигин өзүнө ала турган Ички иштер министрлиги демилгенин башында туруп, өткөн жылдын аягында атайын мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген эле. Үстүбүздөгү жылдын 28-январында ЖК ал мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, макулдугун берип жактырды. Аны 88 депутат колдоп, бирөөсү гана каршы болду. Ага ылайык Кыргызстанга рулу оң жагында жайгашкан транспорттук каражаттарды ташып келүүгө, ошондой эле пайдаланууга жана жол кыймылына катышууга толук тыюу салынат. Мында башка мамлекеттердин өзгөчөлөнүп турган каттоо белгилери бар жана чет элдик жактар тарабынан 6 айдан ашпай турган мөөнөткө ташылып келген жана кайра чыгарып кетүү милдеттенмеси бар транспорттук каражаттарга гана уруксат берилет. Андан сырткары, коммуналдык жана айыл чарбасы, жол курулушуна багытталган транспорттук каражаттарга да бул тыюу салуулар таркатылбайт. Не дегенде жарандарыбыздын басымдуу бөлүгү мындай кадамды колдоп жатышат. Фактыларга таянуу менен айтсак, Ички иштер министринин орун басары К.Асанов маалымдагандай өткөн жылдын он бир айында эле өлкөбүзгө 48 миң оң рулдуу машина алынып келинген. Буларды ташып келүүгө тыюу салуу машиналардын кымбатташына алып келип, көпчүлүктүн аларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтат дешүүдө. Анткени, оң рулдуулар сол рулдууларга караганда бир топ арзан турганы менен алардын айынан болуп жаткан жол кырсыктары канчалаган адамдардын өмүрүн алып кетүү аркылуу өтө кымбатка туруп жатканын да эске алышыбыз керек. Ошондуктан, кымбат-арзан дебестен өзүбүздүн жолдо жүрүү эрежелерибизге туура келген сол рулдуу машиналарды пайдалануудан өтөөрү жоктугун ар бир авто айдагысы келгендердин кулагына куюп, түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтуубуз зарыл.

Мыйзам долбоору Президенттин кол коюусуна жиберилди. Эгерде Президент колдоого алса, анда 3 айдан кийин күчүнө кирет да, баарыбыз жеңил дем алып калабыз. Натыйжада, оң рулдуу машиналарды ташуу таптакыр токтойт дагы, өлкө ичиндеги буга чейин келген машиналар пайдалануу мөөнөтү бүткүчө колдонула бермекчи. Бул дагы мыйзам талаасындагы чоң жеңиштердин биринен болуп, мыйзамдын күчүн сезе баштайбыз. Эми артка кайтууга жол жок экендигине ар бир адамдын ынануусуна жетишүү үчүн мыйзамдын толук кандуу аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүбүз керек.

 Таалайбек ТЕМИРОВ