көмүрберүү1

 Өткөн аптанын ишемби күнү Нарын шаарынын борбордук аянтына Жумгал районунун аймагында иштеп жаткан көмүр ишканалардын арасынан «Бусурманкул-Т» жана «Ак-Жол» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун (ЖЧК) көмүр жүктөгөн унаалары келип токтошту.

-Биз алдын ала көмүр өндүргөн ишканаларга ыраазычылык билдиребиз. Себеби быйыл кыш эрте келгендиктен жана көмүр өндүрүү көбөйгөндүктөн улам, Нарын шаарындагы оокаты тартыш, социалдык жактан коргоого муктаж жарандарга бир тоннадан көмүр менен камсыздоо сунушун келтиргенбиз. Алар өз эсептеринен декабрь айында 177 тонна алып келип беришкен. Эми экинчи жолу ушундай жардамдарды жасашууда.  Бүгүн алгачкы 35 тонна көмүр келди,-деп билдирди көмүрдү кабыл алуу учурунда өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов. Ал эми өкүлчүлүктүн бөлүм башчысы Ырысбек Шалтаев бул жолу 8 ЖЧКлардан болжолу 150 тонна көмүр келерлиги күтүлүп жаткандыгын маалымдады.

Тартылып келген көмүрлөр атайын бир жерге түшүрүлүп, түзүлгөн курам (комиссия) аркылуу шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын тизмеси менен тийиштүү жарандарга таратылаарын аталган башкармалыктын жетекчиси Жеңиш Мамбетказиев белгиледи.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу