дары

  -Биздин айылдагы ФАПта ооруп калган адамдарга чукул чара көрүлбөйт. Дары дегендер жок. Башкасын айтпаганда да бинт, иод, аспирин сыяктуу дарыларды учурунда ала албайбыз,-деген кинесин билдирди Нарын районундагы Эки-Нарын айылынын тургуну, айылдык Кеңештин депутаты Кеңешбек Мүсүров Орток айыл өкмөтүнүн бир жылдык иш-аракетине арналган атайын жыйын учурунда.

Мындай кинеге Нарын райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Сыяпат Сырдыбаева макул болгон жок.

-Биз өткөн жылы 800 миң сомго тендер өткөрүп, бардык 27 ФАПты, 8 ҮДТны толук дары-дармек менен камсыз кылганбыз. Экинчиден, Эки-Нарын ФАПтын башчысы өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылган дасыккан кызматкер,-деп жооп кайтарган С.Сырдыбаева абалды жеринде иликтөө үчүн аталган айылга барды. Окуяга биз да күбө болдук.

Натыйжада Эки-Нарын айылындагы эмканада 46 түрдөгү дары-дармек жана медициналык жабдыктар, анын ичинде 6 бөтөлкө бинт, 2 даана вата, 10 даана стандарттык аспирин, ибуфен.д, каптоприл, нифедипин, амоксициллин, цифрофлоксацин, парапетамоль, левомекан ж.б. дарылардын бар экендигин көрдүк. Айылдын тургуну ардагер Качкын Мамбеталиева эмкана башчысы Ырыскүл Талипова күнү-түнү иштерин, дарылардын керектүүсүн ушул эле жерден алып турушаарын ФАПтан билдирди.

-Эл өкүлү болгондон кийин маалыматты так туура айтыш керек. Ошондуктан жалган маалымат бергендиги үчүн К.Мүсүровдун жоопкерчилигин кароону тиешелүү органдарга билдирем,-дейт С.Сырдыбаева айым.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу