Нарындан вице премьер-министр коммуналдык карыздардын көбөйгөндүгүнө кызыкты
КРнын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева Нарын облустук өкүлчүлүктүн тутумдук жыйынында облуста коммуналдык карыздардын өскөндүгүнө собол салды.
-Сиздерде бюджеттик мекемелердин коммуналдык карыздары өсүп жатыптыр. Мунун себеби эмнеде? Же электрге тарифтердин өскөндүгүнөнбү, же маани бербегендиктенби?-деп сурады.
-Тарифке дагы жана бюджеттик мекемелерге убагында акчанын берилбегендиги да себеп болууда,-деп жооп кайтарды баяндама жасаган өкүлдүн биринчи орун басары Касен Асизов.
Нарын облусунун бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтарга карызы өткөн жыл ичинде 14 миллион 386,2 миң сомго чыккан. Мунун 9,5 млн.сому жылуулук берүүгө, 2,9 млн.сому электр энергиясына, 2 млн.сомго жакыны сууга болгон карыздар. Ал эми жалпы карыздардын 12,2 млн.сому Нарын шаарына туура келет.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу