Нарында жайыттардын 26 пайызы пайдаланылбайт
Нарын облусунун аймагынын 2 миллион 223 миң гектар жерин жайыттар түзөт. Бирок 2014-жылы жайыттардын 1 миллион 640 миң гектары гана пайдаланылган. Ал эми жайыт акыны чогултуу 18 миллион 45 миң сомго аткарылып, план 99,4 пайызга аткарылган.
Мындай маалыматтар жыл жыйынтыгы чыгарылган отурумда айтылды. Ошол эле учурда малдын башы 2013-жылга караганда өткөн жылда облус боюнча мүйүздүү ири мал 3327, кой-эчкилер 16321 жана жылкы 5073 башка көбөйгөн.
-Чынында малдын башы так эмес. Бирок алыскы жайыттарга малчылар барбагандыктан, жакынкы жана орто жайыттар такырайып, натыйжада малдар арык болуп, оору жайылууда,-деп белгилеп келишет жергиликтүү айрым айыл чарба адистери.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу