Нарында кызамык дартына 18 адам чалдыккан
15-январь күнү Нарын шаардык мэриясында орто мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери чогултулуп, алдыдагы кырдаалга карата алгачкы маалыматтар берилди.
-Учурда Нарын облусу боюнча 18 жаран кызамык оорусу менен ооругандыгы аныкталды. Мунун ичинен 10 адам Нарын шаары менен Нарын районуна туура келет. Ал эми өлкө боюнча бул дартка чалдыккандар 600гө жетсе, алардын теңи Бишкек шаары менен Чүй облусунда болууда. Ошондуктан өткөн аптада атайын окуу өткөрөлү деп бала бакча башчыларын чакырсак, болгону эки гана бакчалардан кызматкерлер келишти,-деп билдирди облустук саламаттыкты сактоо тармагынын координатору Анара Бердикожоева. Ал эми жыйында маалымат берген дарыгерлер мектептерге жана бала бакчаларга, кеңселерге кварц аппаратын алуу зарылдыгын белгилешти.
-Бул дартка карата кайдыгер мамиле жасагандар, айрыкча жетекчилер менен биз катуу сүйлөшөбүз,-деген жообун берди шаардын вице-мэри Салтанат Эсенаманова.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу