Нарында Германиянын эл аралык кызматташтыгынын үчүнчү айлампасы башат алды
26-январь күнү Нарын шаарында Германия эл аралык кызматташтыгы уюмунун (GIZ) алкагында жүзөгө ашырылып жаткан «КРдагы туруктуу экономикалык өнүгүүнүн биргелешүүсү» программасынын экинчи айлампасынын жыйынтыгы жана жаңы багыттары тууралуу маалыматтар берилди.
-Бул программа 2008-жылдан бери Кыргызстандын Нарын жана Ош облустарында иштеп келүүдө. Ушул аралыкта экинчи жолу фазасын аяктады. Бул экинчи фазада жалпысынан 30 миң евро өлчөмүндө жарандарды окутуулар, маалымат берүү, даярдоо жумуштары аткарылды,-деп билдирди аталган уюмдун эксперти Азамат Мукашов. Ал эми GIZ программасынын жетекчиси Еллен Михель айым 2015-2017-жылдар үчүн программанын үчүнчү айлампасы башат алгандыгын, анда реформалардын саясаты, кошумчаланган чынжырлардын мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтүү, жергиликтүү экономикалык өнүгүү жана каржылоо компоненттери боюнча иш-аракеттер аткарылаарын белгиледи.
-Биз бул уюм менен тыгыз иштешип жатабыз. Облустун алкагында жасаган жумуштарынан башка булардын көмөгү менен облустун жетекчилери өткөн жылы Жапония менен Беларусияга да барып тажрыйба алмашып келдик,-деген пикирин билдирди өкмөттүн өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу