жайыт

18-февраль күнү Нарын шаарында КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу аймактык инвестициялык Кеңештин (АИК) кезектеги отуруму болуп өттү. Анда алгачкы маселе катары КРнын бажы бирлигине кирүүнүн шарттары талкууланып, эксперт-экономист Нуридин Нанаев жана Ветеринардык палатанын жетекчиси Жолдошбек Дадыбаев түшүндүрмө беришти.

-Нарын облусу мал чарбалуу аймак болгондуктан улам техникалык регламент талапка ылайык болушу шарт. Демек мал оорубашы керек. Ошондуктан эл аралык үлгүдө лаборатория болушу зарыл,-деп билдирди Ж.Дадыбаев мырза. Ал эми облус жетекчиси, АИКтин төрагасы Аманбай Кайыпов өкмөт тарабынан эртерээк токтом токулушун өтүнүч катары келтирди.

-Биз Ат-Башыга логистикалык борборду куруу боюнча Өкмөткө сунуш келтиргенбиз. Инвесторлор деле бар жана жер маселеси чечилген. Ушул боюнча өкмөт токтому эртерээк чыгарылса болот эле,-деген сунушун өкүл айтса, облустун башкы мал доктуру ушул кейипте эч качан теңиртоолуктардын малы сыртка чыкпастыгын белгиледи.

-Азыркы акыбал менен биздин облустун малы сыртка эч качан чыкпайт. Бир да фермер же дыйкан малдарын сата албайт. Себеби эң биринчи оорунун башталышын  жок кылыш керек. А бирок бүгүнкү күнгө чейин вакциндерди алууга тендер өтө элек,-деди облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жалил Алымкулов. Ал эми «Торугарт» көзөмөл өткөөл жайдагы ветеринардык кызматтын башкы адиси Мамбеткадыр Мотушов лабораториянын кереги жоктугун билдирди.

-Бизге лаборатория куруунун кереги жок. Эт комбинат салынса эле болду. Ошол жерден баарысы текшерилет,-дейт М.Мотушов.

-Вакцин көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселе. Керектелүүчү вакцинге каражаттын 30-40 пайызына гана каражат берилет,-деген жообун берди Ж.Дадыбаев мырза.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу