OLYMPUS DIGITAL CAMERA

 КРнын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин деректири Сабыр Атажанов аталган агенттиктин Нарын аймактык башкармалыгынын 2014-жылдагы ишмердүүлүгүнө «жетишээрлик эмес»-деп баа берди.

-Тогуз абал боюнча карасак, Ак-Талаа токой чарбасы бирөөнү дагы аткарбаптыр. Ошондой эле Нарын жана Ат-Башы токой чарбаларда дагы иш начар,-деп белгиледи Нарын шаарында болгон агенттиктин көчмө жыйынында С.Атажанов мырза.

-Бизде бюджет бир жылда 2 эсе өсүп, 500 миң сомго жеткирилди. Токойлорду мыйзамсыз кыйган 12 адам кармалып, иштери сотко берилди,-деген жообун Ат-Талаа токой чарбасынын жетекчиси Эмил Капаров келтирсе, Ат-Башы токой чарбасынын деректири Акылбек Таштанбеков жыл ичинде 480 миң көчөт сатылгандыгын, дагы сата албай калгандыктарын белгиледи. Мындай жооптор агенттиктин деректирин ынандыра албады.

-Бир нерсе айтса эле шылтоо табасыңар. Анда эмне 3 жылда тигилген көчөттөрдүн бирөө да өспөйт. Же көчөттөр боюнча формалдуу эсеп берилет, же аларды сатып акчасын бөлүп алып жатасыңар,-деген С.Атажанов башкармалыкка Ак-Талаа, Нарын токой чарбалардын жетекчилеринин кызмат абалын, ал эми Ат-Башы токой чарбасынын жетекчисинин жоопкерчилигин кароону тапшырды.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу