таза нарын

    Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасынын жетекчисинин орун басары Оңолбек Сопакунов Нарын шаары боюнча 110 чакырым унаа жолдору жана жөө адамдар басуучу 64 чакырым төтө (тротуар) жол бар экендигин билдирет.

-Шаардагы унаа жолдордун 42,1 чакырымы асфальтталган. Жолдорду кардан тазалоочу бир гана ЗИЛ-130 унаабыз бар. А автогрейдер болсо учурда бузук. Шаар боюнча жөө адардар өтүүчү 38 жерге атайын белгилер (зебра) чийилген жана алар жаңыртылып, сырдалып турат. Мерчемдүү 10 жерге жасалма дөңсөлөөр куюлган,-деди О.Сопакунов мырза. Ошол эле учурда жасалма дөңсөөлөр боюнча жарандардан өткөн жыл ичинде 3 арыз, даттануу түшкөн.

-Жасалма дөңсөөлөр боюнча кайрылгандар болууда. Жол кыймылын көзөмөлдөө кызматы болсо шаар жолдоруна жасалма дөңсөөлөр коюлгандар кийин унаа кырсыктары азайгандыгын белгилешүүдө. Бирок баарысы нормага ылайык болушу керек,-деген пикирин айтат шаар мэри Ырахат Адиев.

-Туура, биз алгач атайын жасалма дөңсөөлөрдү алып келип коё баштаганбыз. Бирок алар бат эле талкаланып, ишканага чыгым алып келди. Анан асфальт менен куйганга өттүк. Чынында 3-4 жерде бийикирээк болуп калган экен. Аны быйылкы жылы стандартка келтиребиз,-деген жообун берди аталган ишкананын жетекчиси Билимбек Жакиев.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын шаары