нарын

12-январдан тарта Нарын шаардык мериясы шаардык мекеме-уюм ишканалардын 2014-жылдагы ишмердүүлүгүнө сары эсеп салмакчы. Мериянын басма-сөз катчысы Элиза Качкынбаева 12-22-январь күндөрү шаардык маанидеги 26 мекеме-ишканалар бир жылда кылган иш-аракеттери тууралуу маалыматтарын беришерин билдирди.

Ал эми өз ысымын айтууну каалабаган шаардык Кеңештин депутаты мекеме-уюм ишканалардын бир жылдык ишмердүүлүгү боюнча маалымат берүүдөн эч майнап деле чыкпай келе жаткандыгын белгилейт.

-Жыл жыйынтыгын мерия угушу керек. Бирок жыйынтык чыкпагандан кийин, алардын отчетторун угуунун кажети деле жок. Жылда эле ушундай кайталанма отчеттор,-дейт жергиликтүү эл өкүлү.