Монаконун 800 жылдык тарыхы уланат
Монаконун князы Альбер жубайы Шарлен менен өткөн жыл этегинде Габриэлла жана Жак аттуу эки эм кыз-уулдун ата-энеси болушкан. Ошентип, азыр дүйнөгө княздыктын болочок мураскору ким болоору белгилүү.
Карлик мамлекет эсептелген Монако княздыгы дүйнөгө Монте-Карло казинолору жана Формула – 1 чемпионатынын «Гран-при Монако» этабы менен таанымал. Монаконун тарыхы 1215-жылдан башталат. Ошондон бери өлкөнү Франческо Гримальдинин тукумдары башкарып келет. 2005-жылга чейин княздыктын башында Альбердин атасы Ренье III турган. Ал ошол жылдын 31-мартында бийликти жалгыз уулу жана мураскор Альберге өткөрүп берип, 6-апрелде көз жумган. Апасы Грейс Келли голливуддук актриса.
Европанын түштүгүндө, Лигурий деңизинин жээгинен орун алган Монако княздыгынын ээлеген аянты 2,02 чарчы чакырымды, кургактагы чек аралары 4,4, ал эми деңиз жээги 4,1 чакырымды гана түзөт. Калкынын саны 36 миңден бир аз ашыгараак. 47%ы француздар, 21%ы монегасктар, 16%ы итальяндар жана 16%ы түрлүү 125 улуттун өкүлдөрү. Адамдардын өмүр узактыгы – 79,9 жаш. Сабатуулук – 99%. Экономикасы туризм, оюн-зоок бизнеси жана княздын үй бүлө турмушун үзбөй чагылдырган жалпыга маалымдоо каражаттарынын эсебинен өнүгүүдө. Тышкы карызы жок. Валюталык резерви 2 млрд. доллардан ашат. Өлкөдө 800дөн ашык эл аралык компаниялар жана 50 банк иштейт.
50 чакырымдык авто, 1,7 чакырымдык темир жолу жана 143 автобустук аялдамасы бар. Мамлекеттик билим берүү мекемелери 7 бала бакчадан, башталгыч жана орто мектептен, бир лицейден турат. Алардан тышкары, Монако Эл аралык унивеситети деп аталган жалгыз жогорку окуу жайы бар. Куралдуу күчтөрүнүн саны 82 адам. 1918-жылы түзүлгөн келишимдин негизинде Монаконун коопсуздугун Франция коргойт. 1993-жылдан бери БУУнун мүчөсү. 46 өлкөнүн 106 шаарында консулдуктары, ал эми Монаконун өзүндө 66 мамлекеттин генконсулдуктары бар.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарий кошуу