Министрлер ант беришти
Жогорку Кеңеште КР Өкмөтүнүн жаңы дайындалган мүчөлөрү – ички иштер министри Турганбаев Мелис Токтомамбетович, Маданият, маалымат жана туризм министри Максүтов Алтынбек Аскарович, Энергетика жана өнөр жай министри Турдубаев Кубанычбек Апышевич, Саламаттык сактоо министри Батыралиев Талантбек Абдуллаевич ант берди. Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров депутаттардын атынан КР Өкмөтүнүн жаңыдан дайындалган мүчөлөрүн ант берүү аземи менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Эске салсак, жаңыдан кызмат ордуна дайындалган өкмөт мүчөлөрү кыргыз парламентинде ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу