Министр Темир Сариев: “Күзгүгө карангыла…”
Жогорку Кеңеште экономика министри Темир Сариев менен депутат Равшан Жээнбеков кайым айтышып кетишти. Өкмөт өкүлдөрүнө суроо берип жаткан депутатка Темир Сариев: “Сиз 2-3 күн мурун “Кардарлар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоого катышып жаткан аялдарга “эрте келип алыпсыңар, жазында келсеңер болмок, ошондо революция болмок, митингге чыкмакпыз” деп айттыңыз. Бул таптакыр туура эмес. Коррупция жөнүндө да абайлап сүйлөңүз. Сиздин атаңыз (ред. Бабырбек Жээнбеков) Монополияга каршы агенттикти жетектеп турганда кандай иштегенин, аягы эмне менен бүткөнүн жакшы билесиз. Адам бирөөгө сын айтардан мурун өзүн күзгүдөн карап алышы керек. Өзүңүз да министр болуп турганда кимден канча акча сураганыңыз, кимден алганыңыз, баары белгилүү. Мына министрлер, вице-премьерлер отурушат. Бүгүн эми аппак болуп чыккыңыз келип жатабы? Бул катуу сөз, бирок мен айтышым керек болчу, айттым”,- деди Сариев. Ага жооп кылып Равшан Жээнбеков: “Туура айтасыз, күзгүгө каранып жүрүшүбүз керек. Сиз дагы миллиондорду ким менен бөлүшүп жатканыңыз тартылган видеоңузду жакшылап карап коюңуз. Ал үчүн кийинки бийлик келгенде жооп бересиз”, – деди. Равшан Жээнбеков Сариев жөнүндө кайсы видеону айтып жатканы түшүнүксүз, балким анын Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү деп ММКларга жарыяланган аудио жаздырууну айтып жатышы мүмкүн. Аны дагы монтаж эмес деп ким кепилдик бере алат? Ал эми Жээнбековдор жөнүндө маалымат каражаттарында көп эле жазылбадыбы. Атасы Бабырбек Жээнбековдун кечээ эле Монополияга каршы агенттигин жетектеп тургандагы коррупциялык чыры дагы деле элдин эсинде. Ошондой эле Равшан Жээнбеков өзү Маммүлк министри кезинде мамлекеттик объектилерди арзыбаган акчага менчиктештирүүгө берип жиберип, жада калса бала бакчаларды аяп койбогону жөнүндө көп эле айтылып, жазылбадыбы. Темир Сариев күйүп-бышып ошолорду айтып өттү.

Комментарий кошуу