«Манас» эпосу адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине киргизилди
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин, анын Эл аралык иштер боюнча комитетинин, ошондой эле КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү Нурбек Сатвалдиевдин демилгеси менен «Манас» эпосу адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине киргизилди.
«Манас» дастанын тизмеге киргизүү жөнүндө тастыктама КМШ ПАА Кеӊешинин башкы катчысынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин өкүлү Нурбек Сатвалдиевге салтанаттуу тапшырылды. Анын айтымында, бул тизмеге кыргыз элинин дагы башка мурастарын киргизүү демилгелери мындан ары да ырааттуу улантылмакчы.
«Манас» эпосунан сырткары, адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмесине Г.А.Товстоногов атындагы Санкт-Петербург Чоӊ драма театры, Царский селодогу Екатерина сарайы, Санкт-Петербург шаарындагы Исаакиевский собору, Левашов мемориалдык көрүстөнү, Грозный шаарындагы «Чечен жүрөгү» мечити, А.С.Пушкин атындагы Бүткүл орусиялык музейи, Екатерина Төмөнкү атканасы, Истрадагы Жаӊы Иерусалим кечилканасы киргизилди.
Бул тизмеге кирүү ошол чөлкөмдөгү (шаардагы, аймактагы, өлкөдөгү) бийлик органдарынын ата-бабадан мурас калган руханий баалуулуктарды, маданий дөөлөттөрдү сактоо жана андан ары өнүктүрүү жигерин көрсөтөт
«Манас» дастаны – дүйнөдөгү эӊ ири жана өтө көркөм чыгарма – манасчы Саякбай Каралаевден жазылган варианты 500553 ыр сабынан турат: санскриттик «Махабхарата» эпосунан эки эсе чоӊ.
Маалымкат: адамзаттын руханий мурастар объектилеринин дүйнөлүк тизмеси («SHA – rating») аймактык коомчулуктун (мамлекеттик бийлик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн, коммерциялык эмес тармактын, жарандык коомдун, калктын) жалы адамзаттын руханий дөөлөтүнө кирген материалдык маданий буюм-тайымдарды, архитектуралык ансамблдерди, маданий эстеликтерди сактоо, коргоо, өнүктүрүү жаатындагы сапатын баалоого арналган.
Адамзаттын руханий мурастар аймактары ЮНЕСКОнун колдоосу менен жана баалуулук принциптеринин негизинде түзүлөт. Дүйнөлүк мурастар объектилеринин тизмесин иштеп чыгууда ЮНЕСКО тажырыйбалары эске алынат.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу