банк

Келерки жылы республикалык бюджеттен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 243 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу Каржы министри Ольга Лаврова парламенттин кечээги отурумунда билдирди.

Ошондой эле ал эмки жылы парламентке шайлоо болоорун айтып, аны өткөрүүгө бюджеттен 230 млн. сом, мындан тышкары чек ара аймактарын өнүктүрүүгө 100 млн. сом өлчөмүндө каражаттар карала тургандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары 2015-жылдын бюджетинен дипломатиялык кызмат жөнүндө мыйзамды ишке ашырууга да 148 млн. сом, ал эми сот системасына 1 млрд. 50 млн. сом каралмакчы. О.Лаврова белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын бюджетинин эсебинен өлкөнүн сот тармагына 400 млн. сом бөлүнгөн. Ал эми кийинки жылы анын суммасынын 3 эсеге жогорулатылуусун соттук реформа жүргүзүүгө байланыштуу дейт ал.

Белгилей кетсек, парламенттин кечээги отурумунда “өлкөнүн 2015-жылга бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун карады.

Динар Турдугулова