Кыска мөөнөттө Бишкектеги перинаталдык борбордо эки эненин өлүмү боюнча иликтөөнү жыйынтыктап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу тапшырылды
Кечээ, 3-декабрда КР өкмөтүнүн Аппаратынын тармактык бөлүмүндө өлкөдөгү эне өлүмүнүн көрсөткүчүнүн начарлоо маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.
Тактап айтканда, 2014-жылдын сентябрь айындагы Чүй облустук төрөт үйүндөгү бир эне өлүмүнө жана 2014-жылдын ноябрь айындагы Бишкек шаарынын перинаталдык борборундагы эки эненин өлүмүнө тийиштүү алдын-ала маалыматтар каралды. Учурда Бишкек шаарынын перинаталдык борборундагы эки эненин өлүмүнө байланыштуу окуя боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Саламаттык сактоо департаменти тараптан кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө.
Өткөрүлгөн кеңешме жыйынтыгы боюнча КРнын саламаттыкты сактоо министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:
1) Кыска мөөнөттө 2014-жылдын ноябрь айындагы Бишкек шаарынын перинаталдык борборундагы эки эненин өлүмүнө тийиштүү кызматтык иликтөөнү жыйынтыктоо, аталган маселени Эне өлүмү боюнча республикалык штабдын жыйынында карап, анын жыйынтыгы боюнча күнөөкөр жактарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу.
2) КРнын саламаттык сактоо министрлигинин жакынкы жыйынында 2014-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча эне өлүмүнүн абалы жөнүндө маселени кароо.
3) Нормативдик-укуктук базаны ревизиялоо жана медкызматкерлердин иш-аракетинин натыйжасында кош бойлуу аялдардын төрөтү татаалдашкан жана алардын өлүмү келип чыккан учурда медкызматкерлердин жазаланышын катаалдатуучу нормативдик-укуктук акты долбоорлорун иштеп чыгуу.
4) Аялдар арасында эне болуудагы коопсуздук, үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча медиа-план иштеп чыгуу. ЖМК жана республиканын саламаттык сактоо тутумундагы ден-соолукту чыңдоо кабинеттери аркылуу эне болуудагы коопсуздук, үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө маалымат таркатуу.


Комментарий кошуу