БУУнун баңги заттарды жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын долбоорунун алкагында КР баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы автоунааларды жана 28,5 млн сомдук жабдууларды алды.

Тапшыруу салтанаты бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте баңги заты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын Борбордук аппаратында болуп өттү.

Вице-премьер Абдрахман Маматалиев өз сөзүндө, БУУнун баңги заттарды жана кылмыштуулукту көзөмөлдөө боюнча башкармалыгына жана донор мамлекеттерге Кыргызстанга берилген жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди. Ал КР өкмөтү эл аралык донорлор менен жолго салынган тыгыз кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ынтызарлыгын белгиледи.

КРнын баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы «Форд» үлгүсүндөгү 5 авто унаа жана газдык хроматограф, компьютердик техника жабдууларын алды. Жардамдын жалпы суммасы 28 млн 547 миң сомду түздү.

Жардам АКШ Мамлекеттик департаментинин баңгизаттардын мыйзамсыз айлануу жана укук коргоо ишмердик боюнча бөлүмүнүн К-50 ««КРнын баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин потенциалын чыңдоо» долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Долбоорго Россия менен Казакстан дагы каржылык жардам берген.

АКШ Мамлекеттик департаментинин баңгизаттардын мыйзамсыз айлануу жана укук коргоо ишмердик боюнча бөлүмү Кыргызстандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигине БУУ БКБ ишке ашырып аткан К-50 долбоору аркылуу 1,7 миллион долларлык жардам көрсөтсө, Орусиянын салымы 1,6 миллион долларды түзгөн.

1

2

3

4

5

 Булак : Баракелде