парламент

“2014-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору  18-декабрда Жогорку Кеңеш жыйынында каралып, 3-окууда кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 500 миң АКШ долларын түзөт. Мындан сырткары, МАР шарттары менен 500 миллион АКШ долларын насыя катары Россия Өкмөтү бөлүп берет. Фонддун кеңеши 5 адамдан турат – үчөө Россия тараптан, экөө Кыргызстан тараптан, Кеңеш төрасы Россия тараптан болот. Ал эми Фонддун башкармалыгы да 5 адамдан турат – үчөө Кыргызстан тараптан, экөө – Россия тараптан, Башкармалыктын башчысы Кыргызстан тараптан болот. Фонддун учредителдери – Россия менен Кыргызстан Өкмөттөрү.

Талкууда депутаттардын суроолорунан кийин фонддогу насыя мамлекеттик бюджетке тиешеси болбостугу, насыялар рыноктук орточо пайыз менен жеке жактарга берилери, фонддун кирешеси мамлекеттик бюджетке кирбестиги, фонддун алдында мамлекеттин милдеттемеси болбой тургандыгы, фонд юридикалык жак катары Кыргызстанда катталары белгилүү болду. Ошону менен катар фонддун ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындыгын камсыздоо маселеси дагы көтөрүлдү. Депутаттардын көпчүлүгү өлкөнүн айыл чарба, өнүдүрүш тармактарын өнүктүрүүгө багытталып, уюштурулуп жаткан бул фондду колдоого алышты деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.