аял

“Кыргызстан” камсыздандыруу компаниясы ЖАК бүгүнкү күндө камсыздандыруу рыногундагы эң ири компаниялардын бири болуп саналат. Биз  компаниянын директору Аденова Мария Сафаровна  менен компаниянын ишмердиги  туурасында маектештик.

– Мария Сафаровна, мына жыл да аяктап баратат. Сиз үчүн бул жыл кандай жылдардан болду?

– Өтүп бараткан жылга саресеп салып, “Кыргызстан” камсыздандандыруу компаниясына  элдин ишениминин өсүп жатканын сезүү биз үчүн абдан жагымдуу болууда. Муну цифралар күбөлөндүрө алат: 2014-жылы камсыздандыруу төлөмдөрү дээрлик 25%га өстү.  2014-жыл камсыздандыруучулар үчүн жеңил болбогонун эске алганда, бул ийгилигибиз үчүн биз өтө кубанычтабыз. Катаал атаандаштыктын шартында кардарлар бизди тандап жатканы сүйүндүрөт.

2014-жылы эмиссияны 2 жолу өткөрүп  жана  камсыздандыруу компанияларынын уставдык капиталы мамлекет тараптан   коюлган талапка ылайык 50 млн. сом өлчөмүндө болсо,  уставдык капиталыбызды 96 миллионго  чейин көбөйттүк.  Ошондой эле сиздердин окурмандар менен биздин компания үчүн кубанычтуу жана ири окуя менен бөлүшкүбүз келет.  “Кыргызстан”  камсыздандыруу компаниясы  ЖАК Германиянын  “HannoverRe” кайра камсыздандыруу компаниясы менен  келишим түздүк.  Бул компаниянын кайра камсыздандыруу боюнча көп жылдык жана баа жеткис тажрыйбасы финансылык мүмкүнчүлүктөрү кардарларыбызга  улуттук экономикабыздын курулуш, айыл чарбасы, энергетика  жана тоо-кен өнөр жай өңдүү маанилүү тармактарда ынанымдуу, автоматтык камсыздандыруучу алынууга мүмкүнчүлүк берет.

Өткөн жылы компания  жаңы программаларды жана камсыздандыруунун  түрлөрүн  киргиздик. Мисалы,  Титулдук камсыздандыруу. Кыргызстанда камсыздандыруунун бул түрүн  жүргүзүү үчүн биздин компанияда гана лицензия бар.  Ошондой эле калк үчүн  кымбат эмес, бирок  ишенимдүү программалар иштелип чыккан. Алар:  автоунааны камсыздандыруу боюнча  “До первого поцелуя”;  үйлөрдү жана үй мүлктөрүн  камсыздандыруу боюнча “Домовой”; жеке ишкерлер үчүн  “Мой бизнес”.

Мындан тышкары, биз россиялык  “ВСК” камсыздандыруу компаниясы менен кызматташтыкты түзө алганыбызды айткым келет. Россияга кетип жаткан адамдарды камсыздандыруу боюнча биз биргелешип атайын “Мигрант” программасын иштеп чыктык.  Программа биздин мигранттардын Россия аймагында ыкчам медициналык жардам алуусуна  гана мүмкүнчүлүк бербестен,  россиялык өнөктөшүбүздүн жардамы  аркасында мекендештерибиздин тагдыры  толук  көзөмөлгө алынат. Камсыздандыруунун бул программасын андан ары жайылтуу зарыл деп эсептейбиз, анткени,  миграция көйгөйү жана мекендештерибиздин чет өлкөдө да корголуусу  биздин өлкө үчүн чоң коомдук мааниси бар. Мына, өзүңүз  күбө болгондой, 2014-жыл биздин компания үчүн жемиштүү, кызыктуу окуяларга бай болду.

-Менимче, аймактардын жашоочуларын айтпаганда да,  борбор шаарыбыздын тургундары деле  камсыздандыруу жөнүндө анчалык кабардар эмес. Калк арасында түшүндүрүү иштери  жүргүзүлөбү?

-Камсыздандыруу тармагы акыркы кездерде активдүү өнүгүүдө. Элдин менталитети өзгөрүп,  ишенимдүү камсыздандыруунун  маанилүүлүгүн жакшы түшүнө баштады. Мында ири камсыздандыруучулардын, анын ичинде биздин компаниянын да  эмгеги чоң. Бардыгыбыз  туруктуу камсыздандыруу  рыногунун  калыптанышына  шарт түзүүгө аракеттенебиз.   Камсыздандырууну рекламалоо дайыма эле өз жыйынтыктарын бере бербейт.  Андыктан, өз ишибизде түз маркетингди пайдаланабыз, башкача айтканда, жетекчилер жана компания өкүлдөрү менен бетме-бет  жолугушуп, камсыздандырууга түз же кыйыр тиешеси бар ар кандай конференция, семинар жана форумдарга катышабыз.

– Жарандар үчүн камсыздандыруунун кандай пайдасы бар, ушул туурасында айтып бересизби?

– КМШ мейкиндигинде  камсыздандырууга жана  ккамсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн компанияларга ишенбөөчүлүк менен карашат.  Бирок, кудайга шүгүр, рынокто мурдатан иштеп, өздөрүнүн ишенимдүүлүгүн жана  пайдалуулугун иш жүзүндө көрсөткөн камсыздандыруучу компаниялар бар. Ар  ким,  өзгөчө аз чыгым кетирүү менен  материалдык планда бир нерсеге жетсе, камсыздандыруу сөзсүз керек. Ошондо эртеңки күнүңүзгө  ишеним жанып, көңүлүңүз жайланат. Сиз таасир эте албаган  жана токтотууга мүмкүн болбогон шарттарда мүлкүңүздү жоготуп алуу коркунучунан кутуласыз. Андыктан, камсыздандыруу жөнүндө ойлоно жүрүү зарыл. Себеби, азыркы шартта баарына даяр болуу керек. Дайыма алдыны карай жүрүү жакшы, алдыда эмне болорун ким билет, эч ким бет келген кырсыктан кыйгап кете албайт, бирок анын кесепеттерин азайтуу же сактанууга толук мүмкүн. Камсыздандыруу – чынында эле керек нерсе, ал туруктуулукту жана  ынанымдуулукту камсыз кылат. Ал эми кайсы мүлк, кайсы менчигиңизди камсыздандырасыз, ал сиздин чечимге жараша.

-Жаңы жыл босогодо турат… Сиздин каалооңуз жана алдыдагы пландарыңыздан бөлүшсөңүз.

-Азыр биз  компаниядагы  жакшы өзгөрүүлөр үстүндө иштеп жатабыз. Бизнести инвестициялап жана ыкчам төлөмдөрдүн, кошумча сервистердин жана жаңы продуктыларды көбөйтүүнүн эсебинен өзүбүздүн кардарлар үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча активдүү иш жүргүзүүдөбүз.

Жаңы 2015-жылдын босогосунда туруп, Кыргызстандын жалпы элине жана кардарларыбызга бекем ден соолук, жакшылык, сүйүү, бакыт жана купуя тилектеринин орундалышын каалайм. Келе жаткан жыл Сиздерге көп кубанычтарды алып келип, белгиленген пландардын баарын  ишке ашырсын!

Жээнбүбү ТУКЕНДЕРОВА