Ө.Текебаев менен Т.Мамытовдун ортосунда фракция жыйынында кайым айтыш болду

Бүгүн “Ата Мекен” фракциясынын “Кумтөр Голд.Компани” ЖАКнун маселесин караган жыйынында фракция лидери Өмүрбек Текебаев менен “Кыргызалтын” ААКтын жетекчиси Токон Мамытовдун ортосунда кайым айтыш болду. Алардын пикир келишпестигине 2003-2009-жылдарга карата Кыргызстан менен канадалык компаниянын ортосунда түзүлгөн келишимдер себеп болду.
Өмүрбек Текебаевдин айтымында, ал келишимдер Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт жана мында Кыргызстан утулуп калган.
Текебаев Токон Мамытовду мурда депутат болуп жүргөн кезде башкача адам болгондугун, ал эми “Кыргызалтынга” жетекчи болуп баргандан кийин “Кумтөр” маселесине таптакыр башкача көз карашта карап жаткандыгын айтып, аны күнөөлөдү. “Кыргызалтындагы” маалыматтар ар дайым жашыруун бойдон калып келет, андан коомчулуктук кабары жок. Биз бүгүн ошол жашыруун маалыматтарды коомчулукка алып чыгып отурабыз. Бул сизге да жакпай жатат”, – деди Өмүрбек Текебаев.
Ошондой эле бул жыйында ишкананын жетекчилигинин орун басары Кылычбек Шакировдун дарегине да бир катар сындар айтылды. Депутат Туратбек Мадылбеков “Кыргызалтындын” мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун ким экендигин учурунда изилдебей туруп, акыры эмнеге алып келгенин айтып келип, “Токон Болотбекович, мен сизди сыйлайм. Бирок, бул орун басарыңызды тезинен алмаштырууңузду сунуштайм. Болбосо, бул жигиттин жеке пикири кыргыз элинин кызыкчылыгына тескери чыгып жатат. Мунун аягы жакшылыкка алып келбейт”, – деди.
Ал эми Токон Мамытов өзүнүн орун басары Кылычбек Шакировдун 2003-2009-жылдарга карата түзүлгөн келишимдерге таптакыр тийешеси жоктугун айтып, “баарыңар эле Кылычбек Шакировго асылып жатасыңар. Бул боюнча Өкмөт жооп берсин, Өкмөттөн сурагыла”, – деп жооп берди.
Соңунда фракция депутаттары Кылычбек Шакировду кызматынан бошотуу тууралуу Өкмөткө сунуштама берүүнү кабыл алышты.
Динар Турдугулова

Комментарий кошуу