Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер квалификациялык сынак тапшырууда
Бүгүн, 2015-жылдын 16-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына тиешелүү документтерин 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын экинчи күнү өтүүдө.
Бүгүн графикке ылайык тестирлөөдөн ар бир топто 25 адамдан эки топ өтүшү керек, түшкө чейин бир топ, түштөн кийин экинчи топ.
Кечээ тестти 32 талапкер тапшырып, анын ичинен 13чү гана өтүштү. Алар:
Абдыразаков О.А. – 77 упай, Акматов М. Т. – 82, Балыбаев Э. Т. – 84, Калназаров Т. Т. – 90, Койломбаев А. И. – 79, Мамашов А. А. – 89, Сагыналиев Ж. Н. – 93, Ташибеков А. А. – 84, Тункатаров Ө. А. – 75, Турсункулов Б. Ш. – 87, Чагалдакова М. Б. – 78, Ырысбеков Т. Ы. – 79, Эстебесов К. К. – 81.
Өтпөй калган 19 талапкер:
Авазов Д. Р. – 64 упай, Ахунов Т. Б. – 70, Баитова Ж. М. – 66, Бапанова Г. Ш. – 66, Джаныбаева Э. Б. – 43, Досалиев А. К. – 74, Дуйшембиева Ж. Д. –31, Жунушов А. А. – 61, Калназарова А. К. – 52, Кубанычбек уулу Залкарбек – 65, Курманова Г. Э. – 63, Өмүракунов А. Ш. – 68, Сартов А. А. – 56, Сатыбалдиева Л. О. – 50, Ташматов У. Т. – 57, Турмаматов М. К. – 70, Чоткараев К. А. – 56, Эркимбаев К. Ш. – 46, Эсенбаев К. К. – 68.
Таблица түрүндөгү толук маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун www.jogorku.sot.kgсайтында.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 15-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына тиешелүү документтерин 2013-жылдын 7-октябрынан 11-ноябрына чейин тапшырган талапкерлер үчүн квалификациялык сынактын биринчи күнү өткөн.
Түшкө чейин 18 талапкер катышып, анын ичинен 8 талапкер чектик упайдан жогору упай алышып (Бардыгы 100 суроо бар. Анын чектик упайы – 75нен кем эмес суроого жооп беруу зарыл. Бир суроо бир упайды түзөт), сынактан өтүштү. Калган 10 талапкер өтпөй калышты.
Түштөн кийин сынакты 14 адам тапшырып, 5 гана өтүп, 9 адам өтпөй калды.
15-январда квалификациялык сынакты 50 адам тапшырышы керек болчу. Түшкө чейин 25 адам жана түштөн кийин 25 адам. Жалпысынан түшкө чейин 18, ал эми түштөн кийин 14 адам тапшырышты.
Графикке ылайык тестирлөө 15-январдан 20-январга чейин 4 күн өткөрүлөт. Баардыгы болуп 9 топ бекитилген. 221 талапкер документтерин тапшырышкан. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.


Комментарий кошуу