Кылмыш хроникасы
Жаш кызды пайдаланып
Ж.Г. аттуу айым 2014-жылдын январь айынан баштап Ош шаарынын Зайнабединов көчөсүндөгү үйдүн бир батиринде, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну, 1999-жылы туулган 15 жаштагы Т.Л. аттуу кыз менен бирге жашап, аны алдоо жолу менен сойкулук жасоого мажбурлап, сойку катары иштетип жүргөн. Натыйжада, өспүрүм 2014-жылдын 21-ноябрь күнү Т.Л. Ош шаарынын Зайнабединов көчөсүнүн бир батиринде кыз төрөгөн. Бул факт боюнча 2014-жылдын 25-ноябрында кыздын апасынын арызы менен кылмыш иш козголгон. Бирок, тергөөчүнүн өтүнүчүнөн кийин Ж.Гнын жаш балдары эске алынып, 2015-жылдын 27-январына чейин үй камагына чыгарылды.
Өлүм себебин иликтей…
Өкмөттүн аппаратында энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү көбөйүп бараткандыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү. Чүй облустук төрөт үйүндө бир айым, шаардык перинаталдык борбордо эки айым төрөт маалында кайтыш болгон. Бул боюнча азыркы учурда Саламаттыкты сактоо департаменти тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө. Жыйындын аягында Саламаттыкты сактоо министрлигине тез аранын ичинде иликтөөнү бүтүрүп, жаңы жылга чейин күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди.
Ит-кушка жемби бир өмүр?
3-декабрда Бишкек шаарынын Садовая көчөсүндө жашаган адам анын ити адамдын башын көтөрүп келгендиги жөнүндө кабарды милицияга билдирген. Ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери үйдөн алыс эмес жерден өлгөн аялдын калган денесин табышкан. Сөөк көп убакытка чейин ачык калып, иттер денесин тытып, жей башташкан. Алдын ала байкоолор менен аялдын тоңуп өлгөндүгү болжолдонуп, азыр аялдын кимдиги такталууда.
Жеңил акчаларга каныккандар
Мурдатан темир сейфтерди соода түйүндөрүнөн уурдап жүргөн Баткен облусунун 36 жана 25 жаштардагы тургундары кармалды. Алар Ош шаарынын дүкөндөрүнөн 4 жолу сейф уурдашкан. Сейфтерде баш-аягы 200 миңден ашык акча болгон. Иликтөө ишинин жүрүшүндө алар Бишкек шаарынын соода түйүндөрүнөн да 10дон ашуун жолу сейфтерди уурдашканы белгилүү болду. Азыр аларга кылмыш иштери ачылды.
Уруштан чыккан өлүм
ИИМдин 3-декабрдагы билдирүүсү боюнча 28-ноябрда Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринен сабалып өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган. Ал жерге Биринчи Май райондук ИИБ кызматкерлери жетип барышкан. Өлгөн адам 1988-жылы туулган Т.Э. аттуу жигит болуп чыкты. Эртеси күнү эле аны өлтүргөн 1991-жылы туулган Д.М. аттуу бала кармалды. Анын айтуусу боюнча, экөө уруша кетишкен. Ал кыймылдабай калганча сабап, андан кийин да кайра кайрылып келип бурчка сүйрөп барып, тумчуктуруп өлтүргөн. Адам өлтүргөнүн аңдай элекпи, айтор “милиция кылмыштын бетин мынчалык тез ачат деп күткөн эмесмин” деген шектүү жигит. Азыр ага кылмыш иши козголду.
Каш-кабактын ортосундагы кырсык
3-декабрда Казакстандын Акмоло облусундагы жол кырсыгынан эки кыргыз жараны каза тапты. Тергеп-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, алар 35 жаштагы Сапарбай Тагаймуратов менен 20 жаштагы Медер Макамов экендиги белгилүү болду. Учурда бул ишти Казакстандагы кыргыз элчилиги өз көзөмөлүнө алып, каза болгон эки жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракетин көрүп жатат. Жол кырсыгы Алматы-Екатеринбург жолунун 945-чакырымында болгон. Маалыматка караганда, кыргыз жараны айдап бараткан Мицубиси унаасы каршылаш багытка чыгып, бет маңдай келаткан унаа менен кагылышкан.
Ырчынын үйү тонолду
Кечээ, 4-декабрда Бишкектин 6-кичи районунда жашаган КР эл артисти Саламат Садыкованын үйүнө чаламандын чак түшүндө уурулар киришкен. Бул боюнча шаардык милициядан кабарлашты. Ал кечинде үйүнө келип, эшиги ачык турганын көргөн. Сейфине салынган 30 миң доллар уурдалганы белгилүү болгон. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.
Адам өмүрү оюнчукка айландыбы?
1-декабрда “Дордой” жаңы конушунун № 777 үйүндө аял менен эркектин жансыз денеси жатканы шаардык милицияга кабарланган. Ал жерге ыкчам-тергөө тобу барганда эркек киши асылып өлгөн, ал эми аял катуу сабалып өлтүрүлгөн. Алар Жалал-Абад облусунун тургундары 37 жана 35 жаштардагы жубайлар. Күйөөсү аялын катуу сабап өлтүрүп алып чочулаганбы, өз жанын өзү кыйган.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу