2-пресса1

2015-жылынын 17-январында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын № 2021 аскер бөлүгүнүн «Айкөл» чек ара заставасынын 2015-жылдын 16-январындагы окуянын кесепетинен кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жана жабыр тарткан аскер кызматчыларына материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан каражат бөлүндү.

Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, курман болгон улук лейтенант Исмаилов Тынчтык Матраимовичтин үй-бүлөсүнө 100 000 (жүз миң) сом, ал эми жарат алган лейтенант Осмонов Нуркелди Рустамовичке жана катардагы жоокер Сагынбай уулу Жаныбайга 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүндү.