КТРКнын башкы директорунун кызматын убактылуу Илим Карыпбеков жетектейт
Коомдук биринчи каналдын Байкоочу кеңешинин төрагасы Илим Карыпбеков КТРКны убактылуу жетектейт. Мындай чечим Байкоочу кеңештин кезексиз жыйынында кабыл алынган. Маалыматка ылайык, Карыпбековдун Байкоочу кеңештеги төрагалык мөөнөтү да аяктаган. Аткаруучу директор болуп жаңы дайындалган Карыпбеков “Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын аткаруучу директорлугунан кетүү боюнча арыз жаза турганын билдирди. Эске салсак бүгүн жума күнү КТРКнын Байкоочу кеңеши Султан Жумагуловдун ээлеген кызматынан өз эрки менен кетүү тууралуу жазган арызын кароо үчүн кезексиз жыйынга чогулган. Жыйындын жүрүшүндө КТРКнын башкы директорунун орун басары Кубат Болоткановдун да жазган арызы канааттандырылып, ал кызматынан четтетилди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу