КТРКнын башкы директору болуп шайланган С.Жумагуловдун резюмеси
Кечээ, 23-ноябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Султан Жумагуловду Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору кылып шайлады.С.Жумагулов 1959-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.Эмгек жолу:
1981-1991-жылдар – «Ленинчил жаш» республикалык гезиттин кабарчысы, бөлүм башчы, жооптуу катчы
1991-1993-жылдар – «Эркин-Тоо» гезити- башкы редактордун орун басар
1993-1995 -жылдар – Kyrgyzstan Chronikle гезитинде баяндамачы
1995-2000-жылдар – «Асаба» гезитинин баяндамачысы
2000-2009-жылдар –Би-би-си Британ радиосу, кыргыз кызматы, кабарчы, улук кабарчы
2009-2010-жылдар – КР президентинин катчылыгынын аналитикалык кызматынын жетекчиси
2010-2013-жылдар – «Азаттык –Медиа» мекемесинин директору
2013-2014-жылдын 31-июлуна –ЭлТР телерадиокомпаниясынын башкы директору
2014-жылдын 1-августунан баштап КТРК башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Эске салсак, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору кызматына сынак КТРКнын Байкоочу кеңеши тарабынан «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасы мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан Башкы директору кызматына ачык сынак өткүрүү тартиби жөнүндө» ушул жылдын 4-сентябрында кабыл алынган жобосуна ылайык жарыяланган. Сынак 4 этап менен өткөрүлдү.

Комментарий кошуу