КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам кабыл алынды
Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.
КР өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, 2015-жылга ички дүң өнүмдүн номиналдуу көлөмү 442,8 млрд сом көлөмүндө, ички дүң өнүмдүн өсүшүнүн иш жүзүндөгү арымы 6,2%дын деңгээлинде (2016-жылы – 6,6%, 2017-жылы – 7,0%) болжолдонууда.
2015-жылы бюджеттин жалпы кирешеси 102 702,7 млн сом өлчөмүндө каралууда.
Бюджеттин жалпы кирешелеринин курамында салыктык кирешелер 2015-жылга 78 459,7 млн сом, 2016-жылы 88 480,3 млн сом, 2017-жылы 101 592,9 млн сом өлчөмүндө болжолдонуп жатат. Алардын үч жылдык мезгилдин ичиндеги орточо өсүш арымы 12,0 пайызды түзөт.
Бюджеттин салыктык эмес кирешелери – 13 212,8 млн сом, 2016-жылы 13 212,8 млн сом жана 2017-жылы 13 558,6 млн сом өлчөмүндө каралууда.


Комментарий кошуу