КР улуттук илимдер академиясынын Автотранспорттук-экспедициялык ишканасынын мурдагы жетекчилигине кылмыш иши козголду
КРнын улуттук илимдер академиясынын Автотранспорттук-экспедициялык ишканасынын мурдагы жетекчилигине карата кызматтык абалын ашырып жиберүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Иш 11-декабрда Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан козголгонун АКИpress агенттигине Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары Р.Маженов билдирди.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө, КР УИАнын аталган ишканасынын мурдагы директору «Н.Т.» өкмөт тарабынан бекитилген тартипти бузуп, 2011-2014-жылдары Медеров көчөсү, 100 дарегинде жайгашкан Автотранспорттук-экспедициялык ишканасына таандык имарат ичтерин ижарага берүү жөнүндө мыйзамсыз келишимдерди түзгөн. Анын жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 5 млн 95 миң 572 сом зыян келтирилген», – деп билдирди прокурордун орун басары.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу