“ КР Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылды
Бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында“ КР Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорунун концепциясы жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары: Галина Скрипкина, Ирина Карамушкина, Дастан Жумабеков, Бахтияр Кадыров, Мурадыл Мадеминов.
Жыйында аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган демилгечилердин бири Галина Скрипкинанын айтымында, мыйзам долбоору негизги дарылоо каражаттарына калктын жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында даярдалган.
Анткени дарыланууга жетүү мүмкүндүгүнүн чектелишинин эң эле маанилүү себептеринин бири – негизги дарылоо каражаттарынын баасы болуп саналат. Дарылоо каражаттарына бааны аныктоодо республикада иштеп жаткан ченемдик укуктук база, ошону менен бирге интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо режими олуттуу роль ойнойт. КР Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү даярдоонун зарылдыгы айрым дарылоо каражаттарынын түрлөрүнө баанын жогорулугу, дарылоо каражаттарына калктын жетүү мүмкүндүгүн керектүү деңгээлде камсыз кыла албаган кырдаалдын пайда болушунан келип чыкты. Көрсөтүлгөн кырдаалдын пайда болуусунун негизги себептери болуп, Кыргыз Республикасынын рыногун бир кыйла арзан генерикалык (түп нуска дары-дармектердин окшоштору) дарылоо каражаттары менен камсыз кылуу саналат.
Ошондой эле 1-окууда сунушталган мыйзам долбоорун талкуулоодо маселенин коюлган концепциясы менен максаттары гана каралары белгиленип, долбоордогу беренелер боюнча сунуш-пикирлер мыйзам долбоору 2-окууда дыкат каралмай болду. Ошону менен катар бул мыйзам долбооруна “тегерек столдорду”, талкууларды өткөрүү зарылдыгы белгиленди деп айтылат билдирүүдө.


Комментарий кошуу