SONY DSC

Күн санап сапарын карытып бараткан жылкы жылын узатып, кой жылын тосоорубузга аз калды. Жыл наамасы боюнча кой жылы жылан, жылкы жылынан кийинки үчүнчү катарда турган жыл. Өтүп бараткан 2014-жыл жылкы жылы болуп, маанилүү жана кызыктуу окуялардын топтому менен көпчүлүктүн эсинде калды. Ал эми келе жаткан 2015-жыл – кой жылы кандай мүнөздөлөт, бул туурасында нумеролог, «Санчы сынчы» атындагы психологиялык-практикалык мектептин жетекчиси Алмаз Адишовду кепке тарттык.

– Алмаз мырза, жыл сүрүү боюнча келе жаткан 2015-жыл кой жылы. Жыл кандай мүнөздөлөт? Ушул туурасында сөз баштасаңыз.

– Сандардын “айтуусу” боюнча, 2015-жыл күтүүсүз жаңылыктарга бай жыл болот. Кой – Мухаммед пайгамбар баккан адал жандык. Бул жандык жыл сүрүүнүн так ортосунда келип, анын мүчөлүндө береке-молчулук, тынчтык өкүм сүрөт. Мисалы, аны коштогон сандарга назар оодарсак, 2+0+1+5=8. Сегиз санын укканда, Кытай, Корея, Жапон жарандары ордуларынан тура калып, үч жолу жүгүнүп, рахмат айтышат. Анткени, 8 саны бизнес империядагы акча жүгүртүүнүн атаманы делет. Бул жылда эмнени ойлосоң ошол максат-тилектер тез аткарылат. Болгону, арыла албай жүргөн терс кыялдардан абайлоо зарыл. 8 санынын планета-башкаруучусу – Сатурн. Ал эми Сатурн ирээттүү системалуулукту жактырып, жаңыча ойлонулган прагматикалык практиканын жакыны. Бул планета жоопкерчиликти, тартипти орнотуучулардын бири болуу менен бирге, жогорку мистикалык күчтөр менен байланышы бар. Ошол себептен да кой жылы дүйнөнү жакшыртуучулардын катарын толуктайт.

Жылдын соңку саны (2015) 5 – чоң оомат. Буюрса, кой жылында баш аламандыктарга жол берилбей, тең салмактуу, тең ата мамилелерге умтулган саясий-экономикалык туруктуулук баш багат. Украина, Сириядагы согуштук күч колдонуулар артка чегинип, дипломатияга ыкташат. Кыргызстанда да дипломатиялык карым-катыш чыңалып, инвестиция тартууга мүмкүндүк түзүлүп, узак жылдарга эсептелген долбоорлор ишке кириши күтүлөт. Тарыхта болсо, 5 саны Айкөл Манас атабызды коштогон сан экени айтылат. Манас + кырк чоро. (1+40=41. 4+1=5). Бул сан биздин ыйык журтубуздун тагдыр санында жайгашкан. 5 – сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн, логиканын, сезим-туюмдун белгиси. Космос мейкиндигинде да 5 – ар тараптуу, универсалдуу иштей ала турган кызыктуу сан. Аалам да, адамдын дене катмарлары да 5 стихиядан турат. Айтсак, Аба, Суу, От, Жер жана Өсүмдүк (дерево), өсүмдүктүн адам денесиндегисин эфир дене дейбиз.

Сырткы кешпиринен кой жоош көрүнгөнү менен анын эскичилигинен чыкпаган консерваторлорду четке сүрүүчү, талкалагыч кубаты да бар. Табиятты абдан сүйгөн кой жылы, экологиялык глобалдуу маселелерди көтөрөт. Артисттердин, жазуучу, акындардын, билим тармагындагы маданий агартуучулардын топурагына жакшы аралаша алган кой өнөр, билим-илим дүйнөсүнө астейдил мамиле кылуучулардын жолун ачат.

– Жыл санагында 12 мүчөл жаныбар экиге бөлүнөт экен…

– Жыл санагында он эки жыл ичиндеги жаныбарлар мүнөздөрүнө жараша экиге бөлүнүп: Жолборс, Балык, Жылкы, Ит, Доңуз жылындагылар катуу, Чычкан, Уй, Коен, Жылан, Кой, Маймыл, Тоок – жылындагылар жумшак жаныбарларга кирет. Байыртадан кыргыз элинин ата-баба салтында жылдыз санак, жыл санак билгилери  кандай жыл келаткандыгы жөнүндө алдын ала калкты кабардар кылып турган. «Илимдердин падышасы” аталган математикалык сандардын табышмактуу каалгаларын каккылап, жыл санактан сыр ачып көрөлү.

«Кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, бул жылдын ээсине ушунчалык бийик сыйды бабаларыбыз бекер жеринен ыйгарбаган. Кой – алп идеянын стратег каарманы. Өз саясаты бар, эркиндиктин баатыры. Башкалардан айырмасы, анча ачык эмес, жоош, карапайым, бирок алдыртан аздектеп баккан асыл ойлорун, бейпилдикти бузбай, акырындык менен алгалата берүүчүлөрдөн. Бул жылы төрөлгөндөрдү байлык, бийлик менен алаксытып, чоң максаттарынан алыстатуу кыйын. Алар чоң саясий кызматтарга жете алышат. Мансапка тырмышпай, өз алдынча да узакка өмүр сүрө алышат. Кой жылында туулган инсандардан Курманжан Датка, Кыргызстан КПнын Биринчи катчысы Турдакун Усубалиевди билем.

СССР курамындагы бардык өлкөлөр тынчтыкта эгемендик алганга кой жылында (1991-ж.) жетишишкен. 1+9+9+1=20=2, демек, бул сандар дүйнөлүк тарыхтын жаңы барактарын ачкан сандар, бул сандар эркиндик алган койдун мүчөл жылындагы сандарга үндөшүп турат.

 Динар ТУРДУГУЛОВА