“Коопсуз шаар” эми ишке ашканы калды окшойт
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун маалыматы боюнча “Коопсуз шаар” долбоору боюнча жарыяланган тендерге 28 компания катышып, экинчи турга 5 компания өттү. Тендерден утуп чыккан компания өз каражатына Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө видеокөзөмөл коюп, 10 жылга чейин өз тейлөөсүнө алышы керек. Бул аралыкта инвестор кетирген чыгымдарын жол жүрүү эрежелерин бузгандардан түшкөн каражаттын эсебинен жаба алат.
Белгилей кетсек, 2014-жылы республикалык бюджетке жол жүрүү айыптарынан 172 млн. сом түшкөн. Ал эми долбоор иштей баштаса бул сумма дагы өсүшү күтүлөт. Жогорку Кеңеш тарабынан каралып жаткан мыйзамга ылайык айыппулдардан бюджетке түшкөн каражаттын тең жарымы бул максатта бөлүнүшү сунушталууда. Видеокөзөмөл жабдууларын орнотуу наркы сапатына жараша 42 млн доллардан 79 млн долларга чейин болушу мүмкүн.
Бул маселе Жогорку Кеңештин 14-январдагы отурумунда каралып, экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жиберилди.
Бегим ТУРДАЛИЕВА


Комментарий кошуу