Композитор Ж.Шералиевдин 100 жылдык мааракеси парламенттин кароосуна сунушталды
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей бүгүн, 18-ноябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Ж.Шералиевдин 100 жылдык мааракесин өткөрүү жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралып, жактырылды.
Аталган маселе боюнча комитет жыйынына Ж.Шералиев атындагы эл аралык фонддун төрайымы Нарынгүл Шералиева, фонддун аткаруучу директору Жумакадыр Курмангалиев катышты.
Айтылгандай 2015-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, композитор Жумамүдүн Шералиевдин туулганына 100 жыл болот. Ал кыргыз улуттук маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, 700дөн ашуун ырларга музыка жана обон жазган. Анын ырлары калк арасына кеңири белгилүү.
Комитет мүчөлөрү мындай кайталангыс улуу инсандын эмгектерин эл арасына, кийинки муунга кеңири жайылтуу максатында сунушталган токтом долбоорун колдоого алышты.
Ошондой эле токтом долбоорунда КР Өкмөтүнө Ж.Шералиевдин 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комиссиясын түзүү жана тиешелүү иш-чараларды кабыл алуу тапшырма каралып, комитет жыйынынын жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору жөнүндө I–окууда жактырылып, парламенттин кароосуна жолдонду.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Мукталы Бектеналиевдин айтымында, видео жана аудио өндүрүү чөйрөсүндө технология билинерлик жакшырып, маалымат алып жүрүүчү технологиялар көп маалымат камтып, чакан болуп калды. Азыркы тапта, кымбат баалуу чоң долбоорлордон сырткары, баардык кинопродукция санариптик технологияны пайдаланат. Буга байланыштуу, мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу максатында жогорудагыдай мыйзам долбоору иштелип чыккан. Долбоор техникалык мүнөздө болуп, мында мыйзамдын маани-маңызы өзгөрбөйт деп айтылат билдирүүдө.


Комментарий кошуу