лавина

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында жана Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында коопсуздукту  камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө максатында 2014-жылдын 9-декабрынан 12-декабрына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2014-жылдын 8-декабрында №23 буйрук чыккан. Аны аткаруу максатында төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө.

 Жалал-Абад облусундагы Токтогул  районунда 2014-жылдын 9-декабрында Балыкчы шаарчасынан келген артиллериялык эсеп жана КР ӨКМнин ыкчам тобу 2014-жылдын 11-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 222-чакырымында саат 10:50дөн саат 11:20га чейин 8 жолу атуу жүргүзүп, 37000м³ кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

Саат 12:30дан саат 13:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 223-чакырымында 12 жолу атуу жүргүзүлүп, 57000м³ кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

Саат 15:50дөн саат 16:00гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 226-чакырымында 4 жолу атуу жүргүзүлүп, 20000м³ кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

Саат 15:00дөн саат 15:20гө чейин Бишкек-Ош унаа жолунун 231-чакырымында 8 жолу атуу жүргүзүлүп, 20000м³ кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

Артиллериялык эсеп жана КР ӨКМнен барган ыкчам топ Бишкек-Ош унаа жолунун   238-чакырымындагы Итагар гидропостунда түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чаралары 2014-жылдын 12-декабрында улантылат.

           Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 9-декабрында КР ӨКМнин ыкчам топ жана Ош шаарынан келген Коргоо министрлигинин артиллериялык эсеби 2014-жылдын 11-декабрында Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-чакырымындагы Кара-Таш чегинде саат 11:00дөн 13:00гө чейин атайылап түшүрүү иш-чараларын жүргүздү. 12 жолу артиллериялык атуу жүргүзүп, кар көчкү түшкөн эмес.

Кар көчкүлөрүн атайлап түшүрүү иш-чаралары аяктап, ыкчам топ жана артиллериялык эсеп туруктуу жайларына саат 19:35те келишти.