Каныбек Осмоналиев алтын медалга татыктуу болду
Евразиялык патенттик уюмдун алтын медалы дүйнөлүк алкактагы окумуштуулар менен ойлоп табуучуларга, илимдин жана ойлоп табуу иш-аракеттеринин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон адамдарга жылына бир жолу берилип келет.
Евразиялык патенттик уюмдун Административдик кеңешинин 11-13-ноябрда өткөн 28-жыйыны кыргызстандык окумуштуу, Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиевге уюмдун алтын медалын ыйгаруу чечимине келген. Каныбек Осмоналиев депутаттык ишмердигинен тышкары дагы илимдин өнүгүшүнө салым кошуу менен илимдин дүйнөлүк жетишкендиктерин пропагандалоо, ойлоп табуучулук иш-аракеттердин улам жаңы тепкичтерге көтөрүлүшүнө түрткү берүү боюнча айтарлык аракеттерди көрүп келатканы жакшы белгилүү.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу