Камкорчулук кеңеш мектеп жетекчилери менен биргеликте республикалык бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт
Мындай түзөтүүлөр каралган “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору бүгүн, 20-январда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында 2–окууда каралды.
Мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери мыйзамдарга карама-каршы келбеген финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Ошону менен катар Камкорчулук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турганын долбоордо каралган.
Талкууда депутат Карамат Орозова азыркы тапта айрым мектептерде камкорчулук кеңештер жана фонддор иш алпарып жатканын айтып, экөөнүн бирөө калышы керектигин белгиледи. Демилгечи Дастан Бекешев фонддордун юридикалык жактан бир уюштуруучусу болорун, ал эми комкорчулук кеңештердин курамын ата-энелер түзөөрүн айтып, камкорчулук кеңештерин калтыруу максатка ылайыктуу дейт.
Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев кабыл алынган Камкорчулук кеңеш жөнүндө мыйзамга токтолуп, мыйзамдын аткарылышы үчүн тиешелүү жоболор иштелип чыгышы керектигин Өкмөткө багыттады.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрүнөн түшкөн сунуш-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоору 2-окууда жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберүү чечими кабыл алынды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу