Көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты: «Талас» «Бөрүлүнү» 13:0 эсебинде утту
Бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте көк-бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталды
Sport АКИpress’ке Көк-бөрү федерациясынын жетекчисинин орун басары Нурбек Асанбаевдин билдиришинче, жеңиш үчүн 3 команда ат салышууда. Чемпиондук шаардын «Ак-Кула» ат майданында өтүп жатат.
Чемпионаттын регламенти боюнча командалар өз ара бир айлампада ойношот. Эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталат.
Бүгүн, 19-ноябрда бир оюн болуп өттү. «Талас» командасы «Бөрүлү» командасы менен кездешип 13:00 эсебинде жеңишке жетти. Бул жыйынтык турнирдик таблицада биринчилике чыкканга мүмкүндүк берди.
19-ноябрдагы оюндун жыйынтыгы
«Талас» – «Бөрүлү» – 13:0
20-ноябрь
12:00 «Суусамыр» – «Бөрүлү»
21-ноябрь
12:00 «Суусамыр» – «Талас»
Булак: Баракелде


Комментарий кошуу