Көгүлтүр от жаңы конуштарга да жетет
“Газпром” ААК Кыргызстанды 2030-жылга чейин газ менен камсыздоо боюнча генералдык схема түзүүгө киришти. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ААК билдирет. Азыркы убакта тармактын көпчүлүк курулуштары менен газ куурлары өтө эскиргени белгилүү. Ошондуктан, аларды кайрадан алмаштырып, куруп чыгуу керек. Айрым аймактарга жаңы газ куурларын куруу зарыл. Ушул максатта жакынкы 3 жылда магистралдык газ куурларын реконструкциялоо, жаңы газ түтүктөрүн коюу, газ бөлүштүрүүчү станцияларды куруу иштери жүргүзүлөт.Натыйжада, Бишкектин 22 жаңы конушуна газ жеткирилет.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Комментарий кошуу