алканов1
 Ишкер Райкан Алкановго кол салуу боюнча тергөө 3 кыздын күнөөсүн далилдеди, деп билдирди бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда, ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Үтөмүшов.

Комитеттин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматованын 2014-жылдын мартындагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү жана 26-октябрда Талас шаарында ишкер Райкан Алкановго карата кол салуу боюнча иштерди иликтөөнүн жүрүшү боюнча кайрылуусун угушту.

Маалыматты КРнын ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов менен ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Үтөмүшов тааныштырышты.

Утемисовдун айтымында, 3 кызга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (кол салуу) боюнча кылмыш иш козголгон.

«Азыркы учурда тергөө органдары тарабынан айыпталгандардын күнөөлөрү далилденди жана камакка алуу менен байланышкан чара көрүлдү. Тергөө иштери азыркы учурда 80% аяктап калды. 6-7 экспертиза жүргүзүлдү. Алардын натыйжалары кыздардын жабырлануучу тарапка койгон дооматтарын жокко чыгарууда. Биз азыр медициналык жана медико-психологиялык экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Алар бир айдан бир жарым айга чейин созулат. Биз жаңы жылга чейин кылмыш ишти жабабыз жана Талас облустук сотуна өткөрүп беребиз», – деди Үтөмүшов.

Булак: Баракелде