Ибрагимдин тагдыры баарына коңгуроо болду
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2 жаштагы Ибрагимдин абалын билүү үчүн №3 балдар ооруканасына барып, Ибрагимдин өмүрүн алып калышкан врачтарга ыраазычылыгын билдирди. “Азыр өз алдынча дем алганы менен толук айыгып кетишин айтуу эртелик кылат. Бүт өлкө, бардык кыргызстандыктар наристенин ден соолугуна жана тагдырына кабатыр болуп жатат. Врачтар аны бутуна тургузат деп ишенем”, -деди ал. Дамира Ниязалиева мигрант болуп чыгып кетип, туугандарына таштаган балдардын жеке жашоосунда кандай коркунучтар болуп жатканын алдын ала билген механизмдерди иштеп чыгуу керектигин айтты.
Сымбат МАКСУТОВА


Комментарий кошуу