Хуана Инес (1)

Испан  акыны Хуана Инес де Асбахе-и-Рамирес де Сантильяна (монастырга барганга чейин анын фамилиясы ушундай болчу) 1651-жылы 12-ноябрда Сан-Мигельде-де-Непантла айылында туулган. Ал үч жашында окуганды үйрөнүп, алты жашында кадимкидей кат жазган. Алгачкы ыр жазуу тажрыйбасы да ушул өспүрүм кезине таандык.

Кимдир бирөөлөрдөн Мехикодо ар кандай илимге үйрөткөн университет бар деп угуп, алты жашар кыз өзүн эркекче кийим кийинтип ошол окууга жөнөтүүсүн өтүнүп, апасынан жалынып суранат. Анын жалынганы бекер эле, баары бир жиберишкен жок. Бирок, кичинекей Хуана чоң атасынын китепканасынан китеп алып окуганын эч токтотпойт. Жазалоо менен баш ийдире албасын түшүнгөн ата-энеси 8 жаштагы Хуананы борборго жиберүүгө аргасыз болушат. Ал латын тилин үйрөнүүгө бүт күчүн жумшайт. Жыйырма жолу сабак алгандан  кийин эле латын тилинде эне тилиндей сүйлөп калат.

«Эжем Филотейге жооп» аттуу макаласында поэтесса: Мен илимге аябай кызыгып кирдим. Чачтарым узун эле. Ошол чачымды 4 же 6 манжа өлчөмүндө ченеп кыркып, чач өсүп мурдагы узундугуна жеткенче тигил же бул илимди толук өздөштүрүүгө аракеттенчүмүн. Анткени, начар билим алган андай башты чач менен кооздоого болбойт деп түшүнчүмүн, – дейт.

Мексикадагы вице-королдун ак сарайында ыр жазган. Өзгөчө таланты бар кыз жөнүндө сөз кыла башташты. Вице-королдун аялы Хуана Инестин акылына жана сулуулугуна таңданып, анын билимин сыноо үчүн атайын сынак уюштурат. Экзаменаторлордун милдетин королевстводогу эң мыкты теолог, философ, математик, тарыхчы, адабиятчылар аткарышат. Хуана бул оор сыноодон кыйналбай өттү. Ар бир суроого терең, мазмундуу жооп берди. Жаш акындын билими жана таланты жөнүндө сөз элге дуу тарады.

Ошентип, Хуана Инес де Асбахе Мексика хан сарайындагы биринчи айым болуп калды. Анын акылы жана сулуулугу королевство ичинде ага урмат-сый алып келди. Аны сыйлап, таазим эткендер өтө көп эле, ал ак сарайдагы майрамдарды кооздоп, көркүнө чыгарып турчу. Ошол учурда Хуана Инес 14 жашта болчу.

16 жашында монастырга кетти. Мексика адабиятынын терең изилдөөчүлөрүнүн бири Франсиско Пиментелдин айтуусунда Хуана Инес сыяктуу айымдарга өзгөчө ченем менен мамиле жасоо керек. Акын кыздын монастырга кеткенинин себеби, анын өзү менен доордун карама-каршылыгына байланышкан. Ал өзү жашаган кылым үчүн «эрте келген карлыгач» эле. «Мен жалгыздыкта болууну эңсегенмин.

Мен адамдын үнүн китептен укчумун…»

ХVII кылымдын экинчи жарымында Мексиканын жүз миң киши жашаган борборунда эркектер жашаган 29 монастырь, аялдар жашаган 22 монастырь болгон. Ошол кезде монастырь-мектептери кедей адамдардын балдары, кыздары үчүн билим, илим алуунун жапжалгыз булагы болгон. Ошентип, Хуана 26 жылдык өмүрүн монастырда өткөрөт. Замандаштары аны «Онунчу муза», «Мексика феникси» деп аташчу. Ал тирүү кезинде поэзиясы менен даңкталган акын эле. 1695-жылы келте эпидемиясы күчөйт. Ооруган кечил аялдарды дарылап жүрүп, өзү да оору жуктуруп алып, 1695-жылы 17-апрелде каза болот. Бирок, Хуананын  поэзиясы табият менен кошо жашап келатат.

Карбалас Бакиров