Фоторепортаж – Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун материалдык эмес байлыктардын Репрезентативдик тизмесине киргизилди
Отурумуда Кыргызстан менен Казакстандын биринчи биргелешкен «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» наамы каралды.
Кыргызстан аталган наамдын демилгечиси болуп саналат. ЮНЕСКО боюнча казак тарап менен кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн 2012-жылдагы жолугушуусунда эки номинация: «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» жана «Айтыш, Айтыс — импровизация искусствосу» номинациялары даярдалган.
Учурда ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмесинде, «Манас, Семетей, Сейтек», фламенко, азербайжан мугам искусствосу, Нооруз майрамы сыяктуу материалдык эмес байлыктардын 282 элементи катталган.
24-28-ноябрга чейин белгиленген материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумунун жүрүшүндө материалдык эмес байлыктардын Репрезентативдик тизмесине 46 номинация жана шашылыш коргоого муктаж 8 номинация Материалдык эмес байлыктардын тизмесине каралат.
Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумуна Кыргызстандан төмөнкү курамдагы расмий делегация катышууда:
– ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, Карганбек Самаков;
– Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков;
– Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков;
– ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жоопту катчысы Элнура Корчуева;
– ЮНЕСКОго караштуу Кыргызстандын туруктуу өкүлү Асеин Исаев;
– «КАКСА-kg» фондунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Динара Чочунбаева;
– «Айгине» маданий-иликтөө борборунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Гүлнара Айтпаева.
КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маалыматы: Кыргызстан комитеттин 2012-жылдан баштап 2016-жылга чейинки мүчөсү болуп шайланган.
Ошондой эле, Комитеттин Тынч-Азия аймагындагы бюросунун вице-президенти. Кыргызстандын комитетте көрсөтүлүшү өтө маанилүү болуп эсептелет. Комитеттин 24 мүчөсү Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кайсы бир номинацияны киргизүү же киргизбөө тууралуу чечимди кабыл алат.

Комментарий кошуу