Февралдан тарта 700 кВт.сааттан жогору пайдаланган калк үчүн электр энергиясынын 1 кВт.сааты 1,82 сомго чейин төмөндөйт
2015-жылдын февралынан тарта калк үчүн электр энергиясына карата тарифтер 700 кВт.сааттан жогору пайдаланылган учурда 1 кВт.саатынын баасы 1 сом 82 тыйынга чейин (учурда анын баасы 2 сом 05 тыйын) төмөндөй тургандыгын бүгүн, 9-январда Бишкектеги маалымат жыйында отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, калган колодонуучулар үчүн тарифтер 1 кВт.саат үчүн 1,97 сомго чейин төмөндөйт. Нурбек Элебаев Казакстан менен болгон келишимге ылайык декабрда 233 млн кВт.саат камсыздалышы керек болгондугун, иш жүзүндө 118 млн кВт. колдонулгандыгын кошумчалады.
Мээрим Бактыбекова


Комментарий кошуу