Эгерде, дыйкандар үчүн шарттар түзүлсө бутунан бат эле туруп кетмек, бул үчүн стабилдүүлүк зарыл
Биздин продукциялардын экспортко чыгышы үчүн фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү зарыл, деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев. Бул тууралуу 8-декабрда Катардын Доха шаарында кыргызстандык ЖМК өкүлдөрүнө Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмираты жана Катарга болгон иш сапарынын жыйынтыгы түүралуу айтып жатып билдирди.
Өлкө башчысы инвесторлорго Кыргызстанга келүүнү сунуштагандыгын кошумчалады.
“Эгерде, биз дыйкандарга шарт түзүп: суу жеткирип, атайын техникаларды берсек, анда алар бутунан бат эле туруп кетмек. Ал үчүн стабилдүүлүк керек, эгерде ал болбосо, анда каражат да болбойт. Эл туура түшүнүүсү керек, эгерде элге президент же парламент жакпаса кайра шайлап алууга болот, бирок тынчтык менен стабилдүүлүк эл үчүн да керек”, – деди А.Атамбаев.
Президент иш сапары менен болгон 3 өлкөнүн бирине Кыргызстандын клубникасы экспорттоло тургандыгына таң калгандыгын кошумчалады.


Комментарий кошуу