мелистур1

“Милициянын кадыр-баркын жогорулатуу керек. Милиция кайра-кайра таяк жесе болбойт” деген  пикирди ички иштер министри Мелис Турганбаев,  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.  Анын айтымында, “кыргыз милициясы 23 жыл ичинде 2 жолу элден таяк жеген. Ошондуктан, милициянын кадыр-баркын жогорулатуу зарыл. 23 жыл ичинде 2 жолу элден таяк жеди. Кайра-кайра таяк жей берсек болбойт. Эч кимдин милиция болгусу келбей калды. Украина бизге сабак болушу керек. Бай мамлекет тез эле жок болуп кете жаздады. Азыр да токтогон жок. Биз андайга жол бербешибиз керек. Мындай кылбасак, тополоңдор көбөйүшү мүмкүн,” – дейт Мелис Турганбаев.

Даярдаган Айнура ШАЙКЕЕВА