Депутат М.Тиленчиева пенсияга жашы жете элек баатыр энелерге колдоо көрсөтүү демилгеси менен чыкты
Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” депутат Майрамгүл Тиленчиева пенсияга жашы жете элек, көп балалуу баатыр энелердин социалдык абалын жакшыртуу демилгеси менен чыкты,- деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.
Депутат мындай баатыр энелерге мамлекет тарабынын жетиштүү деңгээлде колдоо көрсөтүү максатында республикалык бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын чечмелеп берди.
Анын маалыматы боюнча бюджети дотацияда турган жергиликтүү бийликтер эч кандай жардам көрсөтө албайт. Пенсияга чыккандарга 1500 сом кошумча акы алса, пенсияга жаш курагын чыга элек баатыр энелерге мындай каражат бөлүнбөйт. “Мына ушундай баатыр энелерге Өкмөт көңүл буруп, республикалык бюджетке киргизүү мененби же донорлорду тартуу мененби, айтор, бул жагдайды чечип берсе”,- дейт.


Комментарий кошуу