Депутат Д.Тербишалиев Өкмөттүн көңүлүн Балыкчы-Каракол жолунун абалына бурду
Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Данияр Тербишалиев Ысык-Көл олусунун тургундары менен болгон жолугушууда Балыкчы-Каракол жолунун абалы боюнча маселе көтөрүлгөндүгүн маалымдады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
Эл өкүлү жайкы туристтик сезон башталганга чейин Балыкчы-Каракол жолун ошону менен катар Каркыра-Кеген жолунун 1 км узактыктагы тилкесин ремонттоо керектигин Өкмөткө жолдоду.
Мындан сырткары, жергиликтүү башкаруу органдарынын Балыкчы-Каракол жолун КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансына өткөрүү боюнча өтүнүчтөрүн билдирди. Себеби, азыркы тапта бул жол жергиликтүү бийликтин балансында. Ал эми жергиликтүү бийликте жолду ремонттоого каражат жетпейт.


Комментарий кошуу