Депутат Д.Ниязалиева Эсептөө палатасына каралган 26 млн сомду кургак учук менен ооругандар үчүн бөлүүнү сунуштады
Кечээ, 3-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дамира Ниязалиева (КСДП) Эсептөө палатасынын кызматкерлерин стимулдаштыруу үчүн каралган 26 миллион сомду Саламаттыкты сактоо боюнча министрлигине кургак учук менен ооругандар үчүн бөлүү сунушу менен чыкты.
Отурумда «КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.
Депутаттын айтымында, кургак учук жана ВИЧ-инфекциясына чалдыккан жарандарды дарылоо Глобалдуу фонд донор уюмунун жардамы менен жүргүзүлүп келген.
«Бирок алар эгерде республикалык бюджеттен 30 млн сом карала турган шартта 70 млн сом бөлөөрүн маалымдашты»,- деди эл өкүлү.
Булак : Баракелде


Комментарий кошуу