“Дүйнө сулуусу-2014” сынагына катыша турган Айкөл Аликжанова Президенттен кечирим сурады
Буга чейинки маалымат жыйынында Айкөл Аликжанова сулуулар сынагына катышуу үчүн каражат жок экенин айтып элге жана өлкө башчысына кайрылган эле.
“Акча маселесин чече албай президентке кайрылгам. Анда мен белгилүү бир нормаларды сактабастан кайрылганым үчүн кечирим сурайм. Мага карата айтылган сындарды туура эле кабыл алам. Себеби алар жаман пикирлерди жазуу үчүн да убакыт коротушууда. Мен өзүмө ишенем. Анткени буга чейин бир катар сулуулар сынагына катышып келгем”,– деди Айкөл Аликжанова.
Булак: super.kg

Комментарий кошуу