Д.Тербишалиев преференциялык ыкма менен добуш берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайтарып алды
Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев (КСДП) Кыргызстанга преференциялык ыкма менен добуш берүүнү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кайтарып алды.
Мыйзам долбоорун караган ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 18-ноябрдагы отурумунда бир катар депутаттар сунушталган нормаларды ишке ашыруу үчүн республикада техникалык шарттар жок экендигин белгилешти. Долбоор чийки экендигин белгилеген БШК өкүлү жашыруун добуш берүү принцибин жоготуу жөнүндө чочулоо жарала тургандыгын кошумчалады. Комитеттин төрайымы Наталья Никитенко («Ата Мекен») сунушталган добуш берүү системасын киргизүү менен жашыруун добуш берүү эле эмес, аялдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган квотаны да жокко чыгарат деген пикирин билдирди. «Анда тизмени бизнесмендер гана түзүп калат», – деди Н.Никитенко. Ошондой эле, депутат Абдыманап Кутушев (КСДП) сунушталган ченемдин киргизилиши менен партиялардын ортосундагы келишпестикке алып келет деген чочулоосун кошумчалады. Талкуунун жыйынтыгы менен Д.Тербишалиев мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн кайтарып алууну чечти.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Комментарий кошуу