2-пресса1

21-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоору боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев баяндама жасады.

Мыйзамдын долбоору негизинен чек ара чөйрөсүндө укуктук жөнгө салууну аныктоого, андагы мамлекеттик органдардын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так жана даана көрсөтүүгө багытталган.

Мыйзам долбоору менен мамлекеттик чек араны аныктоо, мамлекеттик чек аранын жана чек арага чектеш жайгашкан аймактарда, мамлекеттик чек арадан өткөрүү жайларында чек ара санжабын кармап туруу боюнча жалпы, базалык маселелер аныкталган.

Мыйзам долбоорунун максаттары болуп мамлекеттик чек арада Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын коргоо тутумун бир калыпка салуу, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана милдеттеринин кайталанышына жол бербөө, чек ара чөйрөсүндө ал органдардын карым-катнаштарынын, кыймыл-аракеттеринин механизмин ченемдик түптөө болуп саналат.

Депутат Исмаил Исаков Коргоо кеңеши, Башкы штаб, КР Президенттин, Өкмөттүн Жогорку Кеңештин аппараттары менен такталып, макулдашылып чыккан мыйзам долбоору экенин айтып, аны колдоого чакырды.

Депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер 2-окууда каралмай болду.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.